Далилдөө каражаттары
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ДАЛИЛДӨӨ КАРАЖАТТАРЫ – процесстик мыйзамдарда каралган, сотту кызыктырган фактыларды ырастоочу же четке кагуучу айкын маалыматтарды алуунун ык-жолдору. Алар төмөндөгүлөр: тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрү, күбөлөрдүн, жабырлануучулардын көрсөтүүлөрү, жазуу жүзүндөгү жана буюмзат далилдери, эксперттердин корутундулары. Д. к-нын тизмеси КР процесстик мыйзамарында жабык (толук) түрүндө тастыкталган.